Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Бангкокто аскерлер “кызыл көйнөкчөндөрдүн” тосмолоруна чабуул койду


Бангкоктун борборунда өкмөттүн аскери менен оппозициянын тарапкерлеринин ортосунда кагылышуу уланууда. Маалыматтарга караганда аскерлер демонстранттардын тосмосун талкалап өтүп, лагердин айрым бөлүктөрүнө көзөмөлдүк кылууда. Атышуудан кеминде 4 адам өлүп, 50гө чукул адам жаракат алганы кабарланууда.

Бийлик оппозициянын тарапкерлерин баш калаанын борборунан кууп чыкмайынча операциясын уланта беришерин айтышууда.

Багкокто “кызыл көйнөкчөндөрбүз” деген адамдардын тобу бир айдан ашык убакыттан бери министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсүн талап кылышып, нааразылык билдиришүүдө. Акыркы аптадагы кагылышууда 40 адам өлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG