Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Убактылуу өкмөт Жалал-Абаддагы тополоң үчүн бакиевчилерди айыптады


Убактылуу өкмөт билдирүү таратып, Жалал- Абаддда жана өлкөдөгү кырдаалды бузуп-жарууну максат кылган күчтөр уюштурган массалык тополоң болгонун белгилейт. Убактылуу өкмөт укук коргоо органдарынын маалыматына таянып, 12-майда Бишкекте, 13-14-майда Жалал-Абадда болгон окуялардай эле бул жолку тополоңду дагы бакиевчилер уюштурду деп эсептейт.

“Кулатылган президент Бакиевдин жактоочулары Таласта, Бишкекте жана Жалал-Абадда бир нече жолу бейкүнөө адамдардын канын төгүп, Кыргызстандын элин коркута алышкан жок. Эми алар бийликти кайтарып алуу үчүн эң коркунучтуу чектен чыгып кетишти. Бул жексур адамдар өздөрүнүн кандуу оюндары аркылуу улут аралык мамилени бузуп-жарып, этникалык кагылышууларды чыгарып жатышат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Убактылуу өкмөт ошондой эле күч структуралары учурда Жалал-Абаддагы кырдаалды жеринде иликтеп коменданттык саат киргизүү зарылдыгы бары-жогун карап жатышканын билдирип, бир эле учурда бул окуяларды чагылдырууда массалык маалымат каражаттарын жоопкерчиликтүү болууга, кесиптик чеберчилигин жогору коюуга чакырды.

Убактылуу өкмөт ар кандай чагым салып, тополоң уюштурган күчтөргө катуу чара көрүлөрүн, Кыргызстанда демократиялык эркин коом куруу кадамынан артка кайтышпастыгын баса белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG