Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

20–майдан тарта казак–кыргыз чек ара бекеттери ачылат


Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министрлиги 19-май күнү кечинде тараткан билдирүүдө айтылат. Анда “Кыргыз республикасындагы кырдаал толук нормалдашкандан жана турукташкандан азырынча алыс. Казакстан республикасынын аймагына ок атуучу куралды, баңгизаттарды жана башка тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз ташуу фактылары бар. Бирок Кыргызстандагы оор социалдык–экономикалык абалды, бизге дос өлкөнүн жарандарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен Казакстан республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөткө 20-майдан тарта казак-кыргыз мамлекеттик чек арасында убактысынча киргизилген чектөөлөрдү жоюуга көрсөтмө берди”, - деп белгиленген.

Казак тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча бейшембиден тарта чек арадагы Кордой (Кордай), Супатай–Баатыр, Айша-Бүбү (Айша–Биби) көзөмөл бекеттери жеке адамдарды өткөрүүдөн тышкары жүк ташыган унааларды, азык–түлүк, дары–дармек, күйүү-майлоочу материалдарды, айыл чарба өнүмүнүн ташылып өтүшүн камсыздайт.

Муну менен катар, билдирүүдө белгиленгендей, өз убагында болжолдуу ар кандай коркунучтардын алдын алуу үчүн чек ара, бажы жана миграциялык көзөмөл күчөтүлөт.

Казак тышкы иштер министрлигинин маалыматында айтылгандай, казак–кыргыз чек арасында убактылуу чектөө 6-апрелден тарта киргизилген.

Кыргызстандын убактылуу өкмөтү соңку апталарда Астананы кыргыз-казак чек ара бекеттерин кыргыз атуулдары үчүн да ачууга чакырып келген. Азырынча Астананын бул соңку маалыматы боюнча расмий Бишкектин мамилесин тактоого мүмкүн болгон жок.

Кыргызстанда да, Казакстандын ордо шаарында да расмий Астананы тез арада кыргыз-казак чек арасын ачууга чакырган бир нече нааразылык чаралары өткөн. Казакстан ушул тапта ЕККУнун төрагалык милдетин да аткарып келет.

Эгерде Казакстан бейшембиде өзүнүн чек ара бекеттерин ачса, анда кыргыз-өзбек чек арасы гана жабылуу бойдон калат. Ал эми Кытай менен Тажикстан өздөрүнүн Кыргызстан менен чек арасын жабышкан эмес. Кытай 1-май майрамынан карата гана бир нече күнгө өз чек арасын убактылуу жапкан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG