Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Тажикстанда тыюу салынган исламдык топтун 36 мүчөсү кесилди


Түштүктөгү Хатлон дубанында сот Икромжан Абдулхафизов былтыр күздө кармалган 17 киши бештен алты жарым жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылгандыгын бышыктады. Күрөөгө бошотулган калган он тогузу үч жылдан мөөнөткө кесилди. 12 айыпталуучуну коргогон адвокат Сайвали Наврузов айыптар далилденбегендиктен, сот өкүмүн апелляцияга берүүгө ниеттүү. Ал эми Носир Рахимов дегендин коргоочусу анын кесилишин кайра карап чыгууну талап кылбай тургандыгын билдирди. Былтыр "Жамаат ут-Таблигдин" мүчөсү деп шектелген 56 киши соттолгон эле. Бул уюмга Тажикстанда 2006-жылы тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG