Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Убактылуу өкмөт миллион доллар боюнча билдирүү таратты


Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы Убактылуу өкмөт башчынын орун басарлары Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдун телефон аркылуу миллион доллар жөнүндө сүйлөшкөнүн коомчулукка таратуу мыйзамсыз деп эсептеген билдирүү таратты. Анда сөз болуп жаткан каражат өлкөнүн коопсуздугу үчүн, 12-14-майда деструктивдүү күчтөрдөн коргонууга жумшоо үчүн бөлүнгөнү айтылат. Бул каражат тартип коргоо органдарынын айтымында, атайын операция, кошумча күчтөрдү жеткирүүдө жол киреге, элдик кошуундарга көмөк көрсөтүүгө коротулганы белгиленген. Ошондой эле билдирүүдө телефондогу сүйлөшүүлөрдү жаздырууга Улуттук коопсуздук кызматанын жана башка кызматтардын тиешеси жок экенин жазылган.

Т.Сариев менен А.Бекназаровдуку деп жоромолдонгон жана бир миллион доллардын "изин жашыруу" тууралуу телефондон сүйлөшкөн сөздөр www.youtube.com интернет барагына жарыяланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG