Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Жалал-Абадда чогулгандар камалгандарды чыгарууну талап кылышууда


Жалал-Абадда “Тейит” ат майданында чогулган 5-6 миң адам бүгүн Убактылуу өкмөттүн түштүк аймактары боюнча өкүлү, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен болгон жолугушууда кечээ, 19-майдагы ызы-чууга катыштыгы бар деп кармалган 4-5 баланы чыгарууну талап кылышты. Ошондой эле алар массалык маалымат каражаттарынан, айрыкча сыналгыдан бир жактуу маалымат кетип жатканына нааразы болушту. Өз кезегинде И. Исаков бул маселе боюнча Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева менен сүйлөшкөнүн белгиледи. И.Исаков чогулгандардын талабын сүйлөшүү үчүн өкүл кошуп берүүсүн сураган. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди. Мындан сырткары Жалал-Абаддын губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун сабалганы айтылууда. "Азаттыктын" кабарчысы аны мойну кан абалда көргөнүн бышыктады.

Ат майданга чогулгандар Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровду кармап, жазага тартуу жана 14-майдагы тополоңдо да ок аткандарды табуу талабын коюп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG