Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Жалал-Абаттагы окуяларга карата кайрылуу


Кымбаттуу мекендештер!

Азыркы тарыхый кырдаал Кыргызстан деген ыйык мекенибиздин бүтүндүгүн, өз мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуу зарылдыгын даана көрсөттү.

Элдин ырыскысын тоноп алганы аз келгенсип, чагымчыл күчтөрдү элге каршы тукуруп, жоопкерчиликтен качып кетүүгө далбас уруп аткан мурунку бийликтин төбөлдөрү күн санап өзүнүн чыныгы жүзүн ачууда. Алар элди бузуп-жаруунун жаңы айла-амалдарын ойлоп чыгышууда. Улутуна карабастан, өз мекендештерибизди андай арамза ыплас азгырыктарга алданбоого чакырабыз. Сабырдуулук жана даанышмандык менен жылдар бою топтолгон маселелерди чогуу чечип, чиеленишкен оор абалдан чыгууга бирдиктүү аракеттерди жасайлы.

Биз баарыбыз «Кыргызстан» деген бир үйдө турабыз. Үйүбүздөн өрт чыкса, баарыбыз күйөбүз. Ошондуктан, өрт болуп кете электе жаңжал учкунун чыккан жеринен өчүрүү керек. Демек, проблемалар чыккан себептерин аныктап, ар бир маселени орду-ордуларынан чогуу-чаран чечүү зарылдыгы келип чыкты! Улуттар аралык ынтымактын маанисин ар ким өз башына кыйынчылыктар келип, жамандык аралап, жоготууларга учураганда сезиш керек эмес! Этникалык кагылыштар эч убакта эч кимге жеңиш же артыкчылык алып келбейт. Кагылыш болгон учурда бардык тараптар үчүн кайгы, азап-тозоктор, зордук-зомбулуктун, талап-тоноочулуктун жана карачечекей баш жоготуу трагедиясынын канабайрамы болоорун бөркүбүздөй көрөлү.

Тээ 1961-жылы болгон Жалалабаттагы, 1990-жылдагы Оштогу өзбек-кыргыз окуясына кайтып келбейлик! Эми бул жолу чагымчыл күчтөрдүн жазасы катуураак, кесепети оорураак болоорун эскерте кетүүнү туура көрөбүз.

Кыргыз эли – өз мамлекетинин көз карандысыздыгы жана адам эркиндигин эч бир байлыкка алмашпас, кажыбас кайраттуу калк экенибизди дүйнө жүзү билет. Кыргызстандыктардын ынтымагына доо кетирүү менен улуттар аралык кагылышууга аракет кылган чагымчыл күчтөр өз элинин гана чыккынчысы болуп эсептелбестен, эларалык стабилдүүлүккө доо кетирип аткан чыныгы эл душмандары.

Кыргызстандагы кырдаалга эларалык ар кандай «жараштыргыч» күчтөр киришине жол бербөө үчүн улуттар аралык ынтымактын мааниси зор.

Урматтуу мекендештер!

Улуттар аралык ынтымакты чыңдоонун бирден-бир жолу – Кыргызстандын келечеги үчүн болгон элдик дипломатия, укуктук жана башка эларалык нормаларга ылайык заманбап каражаттарды колдонуу болуп эсептелет. «Кыргыз Эл Биримдиги» - көп жылдардан бери жыйналып калган проблемаларды ийри олтуруп, түз кеңешүүгө, ошондой эле каршылашкан тараптардын ортосунда көпүрө болуп берүүгө даяр экендигин билдирет.
Азыркы устаранын мизиндей курч кырдаалда эч ким четте калышы керек эмес. Кыргызстандын тынчтык менен өнүгүү жолун аныктоого ар кимибиз жигердүү катышалы!

Кыргыз Эл Биримдиги
19-май, 2010-жыл
XS
SM
MD
LG