Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Аликбек Жекшенкуловду Бишкек шаардык сотунун коллегиясы актады


Бишкек шаардык сотунун коллегиясы бүгүнкү жыйынында А. Жекшенкуловдун кассациялык арызын карап чыгып, аны толугу менен актаган чечим кабыл алды. Сот коллегиясы аталган саясий ишмерге каршы козголгон эки кылмыш иштин экөөн тең карады. Тышкы иштер министри болуп тургандагы иштери боюнча коюлган кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптоо боюнча эч кандай күнөөсү жок деп табылды. Ал эми түрк ишкеринин өлүмүнө байланыштуу иш боюнча "далилдер жоктугуна байланыштуу" анын иш-аракетинде кылмыш болгон эмес деген чечим чыкты.

А. Жекшенкулов министр болуп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мамлекетке материалдык зыян алып келди деп айыпталып, 2009-жылы мартта камакка алынып, ушул жылдын 10-мартында соттун чечими боюнча беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган эле. (КС)

XS
SM
MD
LG