Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:13

Телефондон сөз болгон акча түштүктө кырдаалды жөнгөрүүгө кеткен


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Интернетте пайда болгон убактылуу өкмөт мүчөлөрү Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдун телефон аркылуу бир миллион доллар тууралуу сүйлөшүүсүн комментарийлеп жатып билдирди. Анын айтымында, бул акча убактылуу өкмөттүн чукул чечими менен түштүктө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого жумшалган. Бирок акча толук коротулган эмес, калып калган бөлүгү катылып турат, дейт Р. Отунбаева. Кечээ Интернетте А. Беназаров менен Т. Сариевдин бир миллион доллардын изин жашыруу боюнча сүйлөшүүсү жарыяланып кетти. Башкы прокуратура мыйзамсыз телефон тыңшоо боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. (EBM)

XS
SM
MD
LG