Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Жалал-Абаддагы окуялар үчүн ага-ини Бакиевдерге кылмыш иши козголду


Баш прокуратура Жалал-Абаддагы окуялар үчүн ага-ини Акмат, Каныбек, Жаныш Бакиевдерге жана эки адамга кылмыш ишин козгоп, издөө салганын жарыя кылды. Айыпталуучуларга Кылмыш кодексинин 233, 234, 341, 343-беренелеринин негизинде массалык тополоң уюштурган, бейбаштык кылган, мыйзамсыз курал-жарак сактаган, бийлик адамдарына күч колдонгон деген кинелер коюлууда.

19-20-апрелде Жалал-Абадда бакиевчилер областтык администрацияга кирип барып, Пайзулло Рахмоновду элдик губернатор, ал эми обулустук милиция бөлүмүнүн башчысы кылып Кубанычбек Төрөбаевди шайлап алышкан. Баш прокуратура бул окуялар ага-ини Бакиевдер тарабынан чагымчылык катары уюштурулган деп эсептейт. (EK)

XS
SM
MD
LG