Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

И. Масалиевдин үй-бүлөсү Улуттук соттор кеңешине кайрылды


Экс-депутаттын жакындары бүгүн Улуттук соттор кеңешине жана Бишкек шаардык сотторуна кайрылып Масалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышты.

Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиевдин жакындары депутатка коюлган айыптар негизсиз экендигин айтып, ага карата козголгон кылмыш ишин адилет кароону өтүнүп жатышат. Буга чейин экс-депутат убактылуу өкмөткө кайрылып, 13-14-майдагы Жалал-Абаддагы окуяга тиешеси жоктугун, күч менен бийликти алмаштыруучулардын тарабында болбогондугун жана эч качан аларды колдобостугун билдирген.

Исхак Масалиев "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Үсөн Сыдыков менен болгон телефон сүйлөшүүлөрү ачыкка чыккандан кийин,14-майда УКМКнын абагына камалган эле. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 233-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон. (EK)

XS
SM
MD
LG