Мындай ишенимин “Ар Намыс” партиясынын лидери, мурдагы президент К.Бакиев менен тандемдеш премьер-министр Феликс Кулов “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. “Мен алардын үнүн уккам. Бул алардын үнү экенине 100% ишенем. Ал эми үндү жасап койду дегенге ишенбейм. Алар бардыгын тең бурмалай алышмак эмес, балким кээ бир сөздөрдү ар кайсы жерге коюп коюшу гана мүмкүн”, деди Ф. Кулов. Ошондой эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн үнү жашыруун жазылып алынган тасма да анда сүйлөгөн кишилерге тиешелүүдөй сезилээрин Ф.Кулов кошумчалады.
Белгилүү болгондой, 2-3 күн мурда интернеттеги Youtube деген видеопорталга экс-президент К.Бакиевдин уулу Максим менен иниси Жаныш Баикевдердин Кыргызстанда күтүлбөгөн жерден мамлекеттик бийликти басып алуу планы жарыяланган. Ага удаа эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн өз-ара сүйлөшүүлөрү жашыруун жазылып алынган үн тасма да ошол эле жерде жайгаштырылып, учурда кызуу талкууну жаратууда. Бул телефондук сүйлөшүү тууралуу Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен каржы министринин милдетин аткаруучу Т.Сариев гана өз түшүндүрмөсүн берсе, тасмага үнү жазылган дагы эки аткаминер азырынча унчуга элек. (GA)