Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Конституциялык кеңешменин акыркы жыйыны өтүүдө


“Ак кеме” мейманканасында саат 16да башталган жыйын убактылуу өкмөт жактырган Баш мыйзам долбоорундагы акыркы оңдоолорду кароо менен ишин баштады. Адилет министринин милдетин аткаруучу Аида Салянова оңдоолор негизинен 90 % редакциялык мүнөздө болгонун айтып, долбоорго баштан аяк токтолду. Ушул тапта Конституциялык кеңешме төрагасы Ө.Текебаев өткөөл мезгилдеги президент Р.Отунбаеванын президенттик кызматын легитимдештирүү шарттары тууралуу түшүндүрмө берип жатат.

3-майда түзулгөн, курамы жетишиш беш адамдан турган Конституциялык кеңешме Баш мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Жаңы Баш мыйзам 27-июнда референдумда жалпы элдин колдоосуна ээ болсо Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өткөн Борбор Азиядагы биринчи өлкө болот. (GA)

XS
SM
MD
LG