Сомали боюнча эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Пан Ги Мун бүгүн дүйнө коомчулугу мындай аракетин эки эселентпесе, өлкөдө тынчтыктын келечеги жок экенин эскертти. Стамбулдагы жыйында Сомалидеги өтүшүп кеткен баш-аламандыкты жөнгөрүп, иштиктүү өкмөттү жана экономиканы калыбына келтирүүнүн жолдору талкууланууда. Узак мезгилдүү ички согуштан кыйраканга учураган өлкө деңиз каракчыларыныын чордонуна айланып калган.