Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Тазалануу жөнүндө” (“О люстрации”) мыйзам буга чейин Балтика республикаларында жана Польшада колдонулуп, коммунисттик режимдеги бийлик өкүлдөрүн он жылга чейин жаңы бийликтен четтеткен. Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев “Тазалануу жөнүндө” мыйзам алдыда Баш мыйзам менен кошо референдумга алып чыкса тоскоол болорун билдирген. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов АКШда жүргөндө жогорудагы мыйзамды референдумга коюу зарылдыгын айткан болчу.
Люстрация – (латын тилинен lustratio) курмандыкка чалуу аркылуу тазалануу дегенди түшүдүрөт. Бул саясий ыкма Польша, Прибалтика өлкөлөрүндө колдонулуп, мурдагы бийликте иштеген адамдар он жылга чейин мамлелекеттик кызматтан четтетилген. (AJ)