Кыргызстандык жаш спортчулар ушул жылдын август айында Сингапурда өтчү өспүрүмдөрдүн олимп оюндарына алты жолдомо алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Олимпиадалык комитетинин жетекчиси Мурат Саралинов билдирди. Анын айтымында, Дзюдо боюнча эл аралык комитет да кыргызстандык эки спортчуга жолдомо берип калышы ыктымал. Өспүрүмдөрдүн олимп оюндары спорттун отуз түрү боюнча өтөт. (EBM)