Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Б. Шерниязов И. Масалиевдин маселесин убактылуу өкмөткө жеткирет


Бул тууралуу Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиевдин жубайы Атыргүл Нурматова “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн И. Масалиевдин кырктай тарапкери Жогорку Кеңештин жанында нааразылык акцияга чыгышты. Алар И. Масалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышты. А. Нурматованын айтымында, аларга убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов өз демилгеси менен чыгып, талаптарын убактылуу өкмөткө жеткирерин убада кылды. Ошондой эле коомдук тартипти бузбай тарап кетүүнү өтүндү. И. Масалиев 14-майда Коопсуздук кызматтын абагына камалган. Коммунисттер партиясынын төрагасы өлкөдөгү соңку башаламандыктарга тиешеси бар деп айыпталып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG