Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Орусия менен Казакстан Кыргызстандагы абал тезирээк турукташуусуна кызыкдар


Бул тууралуу Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын Орусия тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин жана Казакстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуртай Абыкаев менен болгон бүгүнкү жолугушууларында айтылды. Сүйлөшүүлөр учурунда Орусия менен Казакстан Кыргызстандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна кызыкдар экени белгиленип, бул өлкөлөр ортосундагы алака-катышты өнүктүрүүгө байланышкан жана Кыргызстанга зарыл делген жардам көрсөтүүлөр боюнча да маселелер козголду. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. (SM)

XS
SM
MD
LG