Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

МАГАТЭ Ирандан кат алганын ырастады


Бир аз мурдараак Иран чийки уранын байытылган уранга Түркияда алмаштыра турганын МАГАТЭге билдиргенин кабарлаган. Быйыл 26-мартта Түштүк Кореянын кемеси кырсыкка учурап, 46 адам набыт болгон. Муну расмий Сеул Түндүк Кореядан көргөн эле.
Вашингтондо расмий Сеулдун чечимин туура деп таанып, президент Барак Обама АКШнын Түндүк Корея боюнча аскерий стратегиясын кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ушул күндөрү Бейжинде жүргөн АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон расмий Пхеньяндын аракеттерин басаңдатууда Сеулду да колдоого чакырды.

"Түндүк Корея да чоң кооптонууларды жаратууда. Былтыр ал атомдук куралды сынаганда биз Бириккен улуттар уюмунун атынан күчтүү резолюция жарыялоо үчүн бирге иштешкенбиз. Бүгүн эми Түштүк Кореянын кемесинин кырсыгы боюнча сүйлөшүп жатабыз. Андыктан азыр да Корей жарым аралындагы тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн биз биргеликте аракет көрүшүбүз зарыл", - деп айтты Хиллари Клинтон.

Түндүк Корея өзүнө карата айтылган бүт айыпты четке кагууда.

XS
SM
MD
LG