Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:43

«Таберик» балдар ансамбли Түркмөнстанга барат


28-майдан 2-июнга чейин Түркмөнбашы шаарында өтчү таланттуу балдардын «Обондор - достуктун башаты» деген аталыштагы эл аралык фестивалга Кыргызстандан «Таберик» балдар ансамблинин 19 жаш өнөрпоздору дагы катышат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин пресс-катчысы Мамасалы Апышев маалымдайт.

Бул фестивалга КМШ өлкөлөрүнөн жана чет мамлекеттерден келген балдардын өнөр топтору катышат. «Таберик» ансамблинин мүчөлөрү тогуз-он жаш курактагы балдар, фестивалга аларды окутуучу-педагогдор Канат Фаткулин, Людмила Зизина, Ольга Аракельян коштоп барышат. (GA)
XS
SM
MD
LG