Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

У. Барыктабасовдун тарапкерлери Башкы прокуратурага кайрылуу тапшырды


“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовдун тарапкерлери Башкы прокуратурага кайрылуу тапшырып, азыр кайра Жогорку Кеңештин алдына келатат. Бүгүн У. Барыктабасовдун жүзгө чукул таламдашы парламенттин жанына чогулуп Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен жолукканы жатышкан. Аталган партиянын төрагасы Кенжалы Сарымсаковдун "Азаттыкка" маалымдаганына караганда У. Барыктабасов Дубайдан учак менен келүүгө "Манас" абамайданынан уруксат сураганда, техникалык документтери туура эместигинен улам "Манас" абамайданы учакты кабыл албастыгын алдын ала билдирген.
У. Барыктабасов 2005-жылы 17-июндагы контрреволюциядан кийин Кыргызстандан качып кетүүгө аргасыз болгон. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров май айындагы убактылуу өкмөткө каршы нааразылык акцияларды уюштурууга У. Барыктабасовдун тиешеси бар деп билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG