Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

АКШнын Мамкатчысы “Иран куулугун көрсөттү” деди


Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун айтымында, Иран уранын Түркияда сактап, алмаштыруу жөнүндө билдиргени - “санкциядан качуу үчүн жасаган куулугу”. “Ирандын бул аракеттери анын өзөктүк программасына карата күмөн саноолорду жокко чыгара албайт”, - деди Клинтон. Иран өзүндөгү чийки уранды байытылган уранга Түркияда алмаштырат деп жакында Бразилия жана Түркия менен макулдашкан эле. Ал тапта Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине Иранга каршы киргизилчү санкциянын жаңы долбоору кароого жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG