Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Баткен: чек арадагы эки элдин ортосунда чыр чыкты


Өзбекстандын Сох анклавына чектеш Баткендин Согмент айылынын тургундары бүгүн эртелеп чек арага жакын жерге чогула башташты. Ага кечээ кечинде кыргыз жарандары түшкөн эки жеңил автоунаа өзбек жарандарынын таш бараңына кабылышы себеп болгон. Ошол эле учурда Өзбекстандагы Хушяр деп аталган тажик айылынын тургундары да чогулуп, эки тараптын ортосунда тиреш чыгып кете жаздады. Бул арада жергиликтүү бийликтин, аймактагы күч кызматтарынын жетекчилери аталган жерге барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө киришти. Натыйжада азыр чогулган тараптар тарай баштаганын аймактагы кабарчыбыз кабарлады.

26-майдын кечинде Хушяр айылынын жанынан өтүп бараткан кыргыз жарандарына тиешелүү эки жеңил автоунааны өзбек жарандары ташбараңга алышкан. Натыйжада унаалар талкаланып, андан эки кыргыз жараны да жабыркаганы айтылууда. (SM)

XS
SM
MD
LG