Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Мурдагы эки министрге кылмыш иши козголду


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Электр станциялар” ишканасынын башкы директору, мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбековго кылмыш ишин козгоду. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. Анын тендер жарыялабай туруп Бишкек жылуулук борборуна ири көлөмдө көмүр түшүрүү келишимине кол койгону айтылууда. Сот тарабанын С.Балкыбековго сырттан чаралар көрүлгөн жана ал изделүүдө.

Мындан сырткары мурдагы транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго да ушундай эле айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Ага 2007-жылы мамлекеттик каражаттан Азия Универсал Банкка айлантууга 206 млн. 607 миң сом мыйзамсыз берип, анын пайыздары Максим Бакиев жана Нурлан Сулаймановго түшуп турган деп айыпталып, учурда издөөгө берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG