Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

Бүгүн Д.Садырбаевди эскерүү иш-чарасы башталат


Белгилүү кинорежиссер, саясатчы Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси бүгүн Бишкекте Улуттук флармонияда, 29-майда Ош шаарында, 30-майда кичи мекени Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда Бишкек, Ош шаарларынын көчөлөрүнө анын ысымы ыйгарылып, Ала-Бел ашуусуна эстелик тургузулаары айтылууда. Ал эми кечээ Убактылуу өкмөттүн Декрети менен маркум Д.Садырбаевдин ысымы “Кыргызтелефильмге” берилип, Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары А.Бекназаров Д.Садырбаевге Кыргыз Эл баатыры наамын ыйгарууну сунуштады.

Д. Садырбаев 2008-жылы 28-майда катуу оорудан каза болуп, сөөгү 30-майда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. (AJ)

XS
SM
MD
LG