Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Жетиөгүздүктөр экс-депутат К. Исабековду жоопко тартуу талабын коюшту

Бүгүн Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак, Тосор, Барскоон жана Тамга айылдарынын айрым тургундары маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар таратылган Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков 2009-жылы өткөн президенттик шайлоодо добуштарды бурмалаганга көмөктөшүү менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө басым көрсөткөнүн белгилешип, аны жаңы бийликтин катарындагыларга жолотпоо талабын коюшту. “ “Кумтөр” кенинен жергиликтүү тургундар үчүн компенсация чыгарып бергени төгүн, ал өзүнө ушундай имидж жасап алган. Компенсацияны биз өзүбүз митингге чыгып атып өндүрүп алганбыз”, - дешти жетиөгүздүктөр.
 
Бул маселе боюнча Кубанычбек Исабеков менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (EK)
XS
SM
MD
LG