Лахор шаарындагы ахмадилердин эки мечитинде операция уланууда, атайын күчтөр жарадар болгондорду куткарганга, мечитте коргонуп жаткан террорчуларды жок кылганга умтулуп жатышат. "Террорчулардын бир өлдү, экинчиси колго түштү",- деп билдирди полициянын өкүлү. Жума намазга жыгылганы келген адамдарга кол бомба ыргытылган эле. Исламдан бөлүнүп чыккан ахмадилерге сүннүлөрдүн радикал топтору такай кол салып келатышат.