Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Ысык-Көлдө У. Барыктабасовдун жактоочулары митинг өткөрдү


«Мекен Туу» партиясынын лидери У.Барыктабасовдун мекенине кайтып келишине бут тоспогула!, деген талап менен анын жактоочулары облус бийлигине кайрылды. Чогулган 200дөн ашык жаштарды 7-апрелдеги окуяда координациялык кеңешти жетектеп жүргөн «Ата Мекен» партиясынын облустагы лидерлери баштап келди. Ак-Суу районунан Салават Имашов У.Барыктабасовдун тик учагын 24-май күнү Убактылуу өкмөт Кыргызстандын аймагына кондурбай койгонун сынга алып, «Ата Мекен» партиясынын катарынан чыкканын маалымдады. Облус губернаторунун милдетин аткаруучу М.Асанакунов аны менчик учактын кошумча документинин жетишсиздиги менен байланыштырды.

Ушундай эле талаптар менен 50дөй адам Балыкчы шаардык мэриясынын да алдына чыкты. СДПКнын Балыкчыдагы координатору Талант Исмаилов чогулгандар тез эле тарап кеткенин билдирди. Анын айтуусунда, У.Барыктабасовду колдогон топторго жылкы союлуп, тамак, акча таратылгандыктан жаштар толкуну чыга калып атканын билдирди. Ал эми барктабасовчулар болсо, күнөөсүз адамдардын канын төккөн Бакиевдерди эркиндикке кое берип, мекенчил азаматка кыршы чыгып аткан Убактылуу өкмөткө нааразылык билдирүүдө.(RB)

XS
SM
MD
LG