Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Пакистанда “ахмадилерге” каршы чабуул айыпталды


АКШ, Евробиримдик жана башка өлкөлөр менен эларалык уюмдар Пакистанда “ахмадилерге” каршы чабуулду айыпташты. Жума күнү Пакистандын Лахор шарында "Ахмади" диний сектасынын мүчөлөрүнө каршы чабуулда 80 адам мерт болгон, 100 киши жаракат алган. "Ахмадилерди" мусулмандардын көбү “каапыр” деп билишет жана аларды Пакистандын өкмөтү “мусулман эмес” деп тааныган. Кечээ алардын мечитине белине бомба байлаган үч киши кирип, адамдарды атып, граталарды бургай башташкан. Чабуулду “Ал-Каида” менен талиптерге байланышы бар куралчан топ жасаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG