Түркмөнстанда килем күнүнө арналган “дүйнөлүк” конференцияга өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов катышты. Ал түркмөндөрдүн жашоосунда килемдин ролу өзгөчө экенин белгилеп, өлкөнүн желегинде да килемдин сүрөтү тартылганын белгиледи. Түркмөнстанда бул майрам 1992-жылдан бери май айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүп келатат.