Япониянын өнөр жай өндүрүшү апрелде мурдагы айларга караганда 1,3 процентке өстү. Мындай өсүш экинчи ай катары менен байкалууда. Бирок бул көрсөткүчтөр прогноздордон артта калууда. Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, негизинен машина куруу жана металлургия заводдору жакшы өнүгүп жатат.