Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Кыргызстанда чылым чегүү менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат борборунан “Азаттыкка” билдиришкендей, бүгүн чылым чегүүнү азайтуу маселелерине арналган тегерек үстөл Бишкектеги Медициналык академияда өтөт. Мындан сырткары “Артта калба, чылым чегүүнү биз менен бирге ташта” кайрымдуулук акциясынын алкагында каалоочуларга акысыз кеңеш берилип, текшерилет. Тамеки чеккендер үчүн “Чылымбы, же дени сак, бактылуу жашообу – сенин тандооң” деген аталыштагы семинар өтөт.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда калктын үчтөн бир бөлүгү тамеки чегет. Адистер жылдан-жылга аялдар жана жаштар арасында чылым чеккендердин саны өсүп жатканын ырасташууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG