Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Бишкекте жүк ташуучу унаалардын айдоочулары митингге чыкты


Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 200гө чукул жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары митингге чыкты. Бул тууралуу митингге чыккан айдоочулардын бири Малик Жунушалиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, учурда айдоочулардын үч-төрт өкүлү менен Транспорт министринин милдетин аткаруучу Эркинбек Исаков жолугушууда. Митингге чыккандар Кара-Көл, Сосновкадагы таразаны алып салууну, таразалардын чек араларда гана болушун талап кылып жатышат. М.Жунушалиев “Азаттыкка” кытайлык жүк ташуучу унаалардын Кыргызстанга киргизилишинен улам жумушсуз калып жатканын бышыктады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG