Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Пакистан Facebookка салынган тыюуну жойду


Исламабаддагы расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, Интернеттеги бул социалдык түйүндүн администратору Пакистанда мусулмандарды шылдыңдоо деп кабыл алынган баракчасы үчүн кечирим сурады. Пакистан Facebookтун миллиондогон барактарын эки апта мурда блокадалаган. Буга сайтта Мухаммед пайгамбардын сүрөттөрүн тартып, жайгаштырууга сынак жарыялануусу себеп болгон эле. Мурдараак Facebookтун администраторлору “Мухаммедди тартуу күнү” деген беттин мазмууну сайттын жол-жоболоруна каршы келбей турганын билдиришкен. Ал эми Исламабаддан түшкөн соңку жаңылыкты алар азырынча комментарийлей элек.

XS
SM
MD
LG