Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы бүгүн курултайга чогулат


Аталган партиянын өкүлү Нурлан Шакиев “Азаттыкка” курултайга жер-жерлерден миңден ашуун делегат чакырылды, деп билдирди. Анда партиянын болочок иш-аракеттери талкууланат. Мындан мурдарак “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров билдирүү таратып, Убактылуу өкмөт өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга жөндөмсүз болуп жатканын мойнуна алып, коомду конструктивдүү өнүгүү жолуна салышы зарыл, деп айткан. Чукул арада эл ишениминдеги коалициялык өкмөт түзүлүшү керектигин билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG