Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Таласта бир топ имараттардын курулуш иштерине акча бөлүнөт


Мындай маалыматты иш сапары менен Таласта жүргөн каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев эл менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, 6-7-апрель күндөрү облустук акимчиликтин талкаланган имаратын калыбына келтирүүгө 27 млн. сомго кол койулуп, облустук ички иштер башкармалыгынын имаратына жана быйылкы жылга каралган облустук драма театрдын курулуш иштерине акча бөлүнөт. Темир Сариев тартип коргоо кызматкерлеринин айлыктары 80 пайызга көтөрүлгөнүн билдирген соң, айрым мугалимдер жана саламаттыкты сактоо тармагынын адистери алардын айлыктары жогорулабаганына нааразы болушту. (UA)

XS
SM
MD
LG