Бул тууралуу АКШнын башкы прокурору Эрик Холдер билдирди. British Petroleum компаниясы кара май бургулаган платформадан деңизге агып чыгып жаткан мунайды токтотуу аракети натыйжа бере элек. Кара майдын тагы Миссисипи штатынын жээктерине жетти. Суу үстүндө көлкүгөн тактын туурасы бир метрге, узундугу үч чакырымга барабар. Үч штаттын табигый чөйрөсүнө коркунуч туулду.