Парламент кабыл алган декларацияда өкмөткө саясий, экономикалык жана аскери тармактарда Израил менен түзүлгөн алакаларды кайра карап чыгуу сунуш кылынды. Буга Газага гуманитардык жүк алып бараткан кемелердин кербенине каршы израил армиясы өткөргөн операция түрткү берди. Операцияда тогуз активист, алардын арасында түрк жарандары да мерт болду. Анкара дароо эле Израилдеги элчисин чакыртып алган эле.