Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

240 адамды мунапыс менен бошотуу маселеси каралууда


Башкы прокуратура убактылуу өкмөттүн “Мунапыс тууралуу” декретинин аткарылышы боюнча маалымат таратты. Ага ылайык, тогуз кылмыш ишин тергеп иликтөө токтотулду. Отуз беш адам мунапыс менен эркиндикке чыкты, дагы 240 адамдын иши каралып жатат. Май айынын башында убактылуу өкмөт Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 60 жылдыгына жана апрель окуяларында шейит кеткен баатырлардын урматына байланыштуу абакта жаткан айрым адамдарга мунапыс берүү тууралуу декрет кабыл алган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG