Бул маселе боюнча 1992-2002-жылдар аралыгында Венеция комиссиясынын мүчөсү болгон окумуштуу, юридика илимдеринин доктору Сүйөркул Косаков "Азаттыкка" маалымат берди.
- Венеция комиссиясынын Конституцияларга койгон негизги талаптары кандай?
- Венеция комиссиясынын негизги талаптары - демократиялык белгилер болуш керек бардык Конституцияларда. Венециялык комиссия өзү 1990-жылы Европанын Кеңешинин чечими менен пайда болгон. Экинчи аты бар, орусча айтканда "Демократия через закон" деген. Ал эми Венециялык комиссия деп аталган себеби, штаб квартирасы Венецияда турат.
- Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору ал талаптарга эми төп келеби?
- Менин оюмча төп келет. Себеби негизги маселе болгон адам укуктары боюнча бардык эл аралык стандарттарга туура келет. Анан кийин парламенттик система дегенди Венециялык комиссия абдан жакшы көрөт. Анткени Европанын бардык жеринде парламенттик республика бар да. Шайлоону демократиялык жол менен өткөрүүнүн негизги себептерин аныктайт. Венециялык комиссия европалык советте болгону менен башка дагы 50дөн ашык өлкөлөрдүн эксперттерин өзүнүн кучагына алат. Алар теория жагынан эле эмес, практика жагынан дагы эң көрүнүктүү Конституция боюнча окумуштууларды чакырып эксперт түзөт.
- Кыргызстанда Венеция комиссиясынын бүтүмү зарыл эмес, себеби бул комиссиянын корутундусу менен өнүккөн мамлекеттер эсептешпейт деген пикирлер пайда болду. Сиз буга макулсузбу?
- Венециялык комиссия деген бирөөгө атайын байлап бербейт, ушуну гана аткарасыңар деп. Булар эксперттер. Дүйнөдө бар болгон Конституциянын демократиялык негизинде ушундай болсо жакшы болот эле деп рекомендация катарында айтышат. Ошон үчүн ал ар бир мамлекеттин өзүнүн колунда - кабыл алабы-албайбы. Ал эми Кыргызстандагы биздин Конституция боюнча биз карап көрсөк, Венециянын эксперттеринин айткандары биздин негизги максаттарыбызга туура келет деп ойлойм.
- Ырахмат