Бангладештин борбору Дакада өрт, айрым маалыматтарга караганда, бери дегенде 90 кишинин өмүрүн алып кетти, 100дөн ашууну жарадар болду. Шаар полициясынын башчысы кеминде 87 кишинин сөөгү табылганын маалымдады. Өрт электротрансформатордогу жарылуудан келип чыккан деп болжолдонууда. Бир нече турак жай, дүкөн, базарлар өрттөндү. Өрттү 3 сааттан кийин гана өчүрө алышты.