Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Германиянын бийликтеги коалициясы президентикке өз талапкерин көргөздү


Германиянын канцлери Ангела Меркелдин коалициясы президенттикке талапкер кылып Төмөнкү Саксония чөлкөмүнүн премьер-министри Кристиан Вулфту көргөздү. Апта башында мамлекет башчы Хорст Көллер күтүлбөстөн кызматынан кеткен эле. Вулф чоң жоопкерчиликти талап кылган президенттик кызматты аткарууга даярдыгын билдирди. Бирок ал депутаттардын элегинен өтүшү керек. 30-июнда анын талапкерлиги парламенттин атайын сессиясында колго салынмакчы. Социал-демократтар жана жашылдар партиясы да өз талапкерлерин көргөзүштү. Президенттин кызматы Германияда протоколдук гана мааниге ээ.

XS
SM
MD
LG