Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

ТИМ жетекчиси БУУнун өкүлү менен жолукту


Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев кечээ Бирикке улуттар уюмунун башкы катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енча менен жолугушту.

Тараптар суу-энергетикалык маселелер сыяктуу бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүн камтыган эл аралык суроолордон пикир алышышты.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Кыргызстанга көрсөтүлүп аткан азык-түлүк, медициналык жактан жардамы жана референдумга даярдыктар жаатында көмөгү үчүн Р.Казакбаев БУУга ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында, 27-июнда өтүүчү жалпы элдик референдумга ушул тапта 400 ашуун эл аралык байкоочулар катышаарын билдиришкен.

Өз кезегинде М.Енча, БУУ Кыргызстандагы саясий иш-чараларды уюштуруу боюнча каржылык жана техникалык жардамдарды бере турганын, Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине катыша турган адистер келе баштаганын айтты. (IJz)

XS
SM
MD
LG