Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Дүйнөлүк футбол ойнунда өзбек калысы арачы болот


Дүйнөлүк Футбол федерациясы ФИФА келерки жума күнү Түштүк Африкада башталып жаткан чемпионаттагы биринчи оюнда калыс (рефери) болууга өзбекстандык Равшан Ирматовду тандап алды. 2003-жылдан бери эл аралык рефери болуп келген Ирматов Түштүк Африка менен Мексиканын беттешүүсүнө арачылык кылат. Ирматов бүгүн Азиядагы эң мыкты рефери деп саналат. Ошону менен ФИФАнын тарыхында өзбек өкүлүнүн биринчи жолу бул кызматка тартылышы.
Дүйнөлүк чемпионат Түштүк Африкада 11-июнда башталып, 11-июлда аяктайт. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан 32 улуттук курама топ катышат.

XS
SM
MD
LG