Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Өзбек танкы кыргыз жаранынын унаасын тебелеп кетти


Өзбек танкынын астында калган А. Абдураимовдун унаасы. 2-июнь, Баткен.
Өзбек танкынын астында калган А. Абдураимовдун унаасы. 2-июнь, Баткен.

Баткендеги Сох анклавында турган cогуштук оор техникаларын Өзбекстан чыгарып бараткан учурда кыргыз жарандарына тиешелүү эки жеңил автоунаа талкаланып, төрт кыргыз жараны жаракат алганы белгилүү болду.

Өзбекстан аскердик оор техникасын Сохтон чыгарып баратканда жапа чеккендердин бири - Айдаркен шаарчасынын тургуну Анарали Абдураимов. Ал ошол 2-июнь күнү Кадамжай шаарчасынан келатып, согуштук оор техникалар кербенинин алдынан чыкканын жана аларды көрөөр замат унаасын жол четине токтотконун айтат:
Өзбек танкынын астында калган А. Абдураимовдун унаасы. 2-июнь, Баткен.

- МАИнин автоунаасын көрүп, жолдун четине чыктым. Карасам аскер техникаларын күзөтүп келаткан экен, обочого чыгып, унаамды өчүрдүм да күтүп турдум. Бир маалда биздин тушубузга келген бир БМД (боевая машина десанта) жолдон сүрүлүп чыгып, түз эле менин унаамды көздөй жөнөдү. Анан көз ачып-жумганча эле унаамдын алды жагын тебелеп, үстүнө чыгып кетти. Башыма катуу сокку болуп, бутумдан жеңил жаракат алдым. Колдорум да кесилип кетти. Ошол замат унаадан атып чыгып, эки жаш баласы менен артта отурган жүргүнчү келинди көтөрүп алып чыктым. Коркконунан ал эс-учун жоготуп коюптур. Суу чачып атып араң эсине келтирдик. Ошондон жарым саат өтүп, Кадамжай райондук милициясынан, аскер прокуратурасынан кишилер келип, ишти териштире баштады. Жүргүнчү келинди “Тез жардам” алып кетти. Унаам болсо оңдогонго жараксыз болуп калды.

Ушундай эле бир казтаман согуштук унаа Кадамжай шаарчасына кире бериш жолдо бул райондун Кызыл-Булак айылынын тургуну Шамсиддин Орозовго тиешелүү автоунааны сүзүп кеткен. Бул окуяда автоунаа ээси жеңил жаракат алып, анын жанындагы мектеп окуучусу Элеман Ибрагим уулу башынан катуу зака жеп, азыр ооруканада.
Өзбек танкынын астында калган А. Абдураимовдун унаасы. 2-июнь, Баткен.

-Менин балдарым да ошо күнү кара басып, машинеге май куюп келели деп Кадамжайга барган эле. Анан кечки саат сегиздерде кайтып келатып, ошол өзбек танкынын астында калып кетиптир. Менин уулум жеңил жаракат алыптыр. Жанында кайнагамдын мектепте окуган уулу да бар экен, ал катуурак жаракат алып, азыр ооруканада. Азыр абалы кичине түзүк, өзүнө келип сүйлөп калды. Эми кандай болсо да балдар аман калганына сүйүнүп отурабыз. Кудай сактаптыр... - деп билдирди автоунаасы жараксыз болуп калган Шамсиддиндин апасы Райхан Орозова.

Бул окуялардан кийинки териштирүүлөрдө өзбек тарап күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга убада беришкен. Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Сагынбеков учурда эки тараптын өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын топ чыгымдарды аныктап жатканына токтолду:

- Бул иш боюнча биздин чек арачылар, Кадамжай акимчилиги Өзбекстандын Фергана районунун бийлиги жана чек ара кызматкерлери менен сүйлөшүп жатышат. Чыгымдар толук эсептелип бүткөндөн кийин өзбек тарап аны төлөп берүүнү убада кылышууда.
Өзбек танкынын астында калган А. Абдураимовдун унаасы. 2-июнь, Баткен.

Ошол эле учурда жергиликтүү калк Өзбекстан согуштук техникасын жакын турган Сох-Риштан жолу менен эмес, кыргыз айылдарын аралап, жүз чакырымдай айланып, Кадамжай шаарчасы аркылуу чыгарып кеткенине, кыргыз тарап эмне үчүн ушул жолго уруксат бергенине таң. Расмий тараптардан бул суроого тыңгылыктуу жооп ала алган жокпуз.

Бул окуядан жабыркап, автоунаасынан ажыраган Анарали Абдураимов болсо Өзбекстандын Сохтон чыгарып бараткан согуштук унааларынын тең жарымы техникалык начар абалда болгонун, алар Кыргызстандын араң турган жолун да бузуп кетишкенин айтат:

- Укканбызыга караганда биздин жолдон согуштук 42 оор унаа өттү. Арасында БМД, БТР, БМП жана чоң аскерий унаалар бар. Эски, техникалык абалы начар, бир тобунун жарык берүүчү фаралары күйбөйт экен. Алар Айдаркенден Кадамжайга жеткенче эле кеч кирип кетти да. Анын үстүнө жарымы бири-бирине чиркелип кетти. Анан бир аз чачкын кетишти. Эми мындай оор унаалар албетте жолду бузду да, өзү араң турган биздин жолубуз чыдабайт да андайга...
Өзбек танкынын астында калган А. Абдураимовдун унаасы. 2-июнь, Баткен.

Ошентип жапа чеккен кыргыз жарандары мындай кырсыктан кудай жалгап аман-соо калганына шүгүр кылып отурушат. А бирок алар туш болгон материалдык чыгымдын ордун өзбек тарап кандай өлчөмдө жана качан толтуруп берээри азырынча белгисиз.

Өткөн айдын этегинде Сох анклавындагы Хушяр айылы менен Баткендин Согмент айылынын элинин ортосунда жайыт талаштан чыр чыгып, ырбап кеткен жаңжал жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде жөнгө салынган. Анда келишилген макулдашууга ылайык, Өзбекстан Сох анклавына 1999-жылкы Баткен окуясынын тушунда алып кирген согуштук оор техникаларын алып чыгып кетмек болгон.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG