Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Т.Сариев БГУнун студенттери менен жолугушту


Бүгүн Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары, Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Бишкек гуманитардык университетинде студенттер менен жолугушту. Анда Т.Сариев жаңы Конституциядагы өзгөртүүлөр, алдыда өтүүчү референдум, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, бүджет маселеси боюнча кенен маалымат берип, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди. Өткөн аптада Каржы министринин милдетин аткаруучу Талас, Ысык-Көл облустарында ушул өңүттөгү жолугушууларды өткөрүп келген.
Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG