Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Республикалык тесттин жооп баракчалары компьютерге түштү


Быйыл жалпы республикалык тест сынагына 31 миңге жакын бүтүрүүчү улан-кыз катышты.
Быйыл жалпы республикалык тест сынагына 31 миңге жакын бүтүрүүчү улан-кыз катышты.

Бүгүн республикалык тесттин жооп баракчалары компьютерге түшүрүлдү. Эми тесттин жооп барактарынын электрондук варианты өлкөдөгү банктардын биринде сакталат. Анын бир ачкычы Коррупцияга каршы күрөш агенттигинин, экинчиси Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнө берилет. Бул жөнүндө "Азаттыкка" Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун тестирлөөнү уюштуруу иштери боюнча башкы адиси Мээрим Кадырова билдирди.


- Мына бүгүн Жалпы республикалык тесттин жооп барактарынын электрондук варианты өлкөдөгү банктардын биринде сакталат экен. Анын бир ачкычы Коорупцияга каршы күрөш агенттигинин, экинчиси Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнө берилет. Бул баягы коррупциялык элементтерге жол бербөө үчүн жасалып жатса керек.

- Биринчиден, жооп барактардын электрондук базасы түзүлгөндөн кийин туура жооптор иштелип чыгат. Электрондук банктын ячейкасына берилгенден кийин биз туура жоопторду иштеп чыгып компьютерге киргизебиз. Ошондо компьютер өзү эсептеп чыгат. Андан тышкары ар бир тест борборуна 13 адамдан түзүлгөн командалар жөнөтүлдү. Ошол балдар администраторлор деп аталат, алар сөзсүз түрдө келишимге кол коюшуп, коррупцияга каршылыкты көрсөтүп, ар бир мыйзамды бузганды аракет кылгандарды бизге айтыш керек деп келишимге кол коюшкан.

- Мурунку билим берүү министри Абдылда Мусаев улан-кыздарды жогорку окуу жайга кабыл алууда жалпы республкалык тестирлөө эмес, башка фомалары каралат деп айтты эле. Бул максатты ишке ашырууга апрель окуялары тоскоол болдубу же сиздер тестирлөө коррупциялые элементтерге жол бербеген натыйжалуу жол экенине ынандырдыңыздарбы?

- Жалпы республикалык тестирлөөнү биздин уюм өткөрөт деп марттын башында эле айтылган. Анткени биз тендерди утуп алганбыз. Кышында жалпы республикалык тестирлөө өткөрүү боюнча Билим берүү министрлиги тендер жарыялаган. Ошону биздин уюм утуп алган.

- Мындан ары тестирлөөнүн келечеги кандай болот. Айталы Кыргызстанда 2002-жылдан тарта иштеп келатасынар, андан бери алынат, алынбайт, жалпы республикалык экзамен болот деген сыяктуу сөздөр дагы эле токтобой келатат?

- Билим берүү министрлиги тендер жарыялап атканда айтылган, быйылкы жылы физика менен тарых киргизилет, эмдиги жылы башка математика, же адабият боюнча, же кошумча предметтер киргизилет деп. Бирок азыркы күндө биз эч нерсе айта албайбыз. Эмдиги жылы жалпы республикалык тестирлөө болот, бирок башка ыкма болобу же кайсы уюм өткөрөт, аны азыр так айта албайбыз.

- Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүндө, Орусия жогорку окуу жайларга бүтүрүүчүлөрдү кабыл алуу боюнча ыкмалар тууралуу жыйын өттү эле. Анын жыйынтыгында кандай чечимдер кабыл алынды?

- Аталган жыйындын катышуучулары жалпы республикалык тестирлөө өзүн актады, өз максатына жетишти деп айтышкан. Андан тышкары башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү биздин билимди баалоочу жана көз карандысыз тест борборунун жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүп жатканына жакшы баасын берип, анын туруктуу болуп жатканын баса белгилеп айтып кетишкен..
XS
SM
MD
LG