Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Дүйшөмбү шаарында Суу конференциясы өтүп жатат


Бүгүн ачылган конференциянын катышуучулары Улуттар уюму дүйнөдө таза сууга жетпеген адамдардын санын азайтуу боюнча 2005-2015 жылдарга белгиленген максаттардын аткарылуусуна баа берет. Конференциянын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө тажик президенти Эмомали Рахмон “кызматташтык менен диалогду колдоо жана чыңдоо, ошондой эле суу боюнча мамилелерди жөнгө салуунун жаңы ыкмаларын жаратуу үчүн” 2012-жылды Суу дипломатиясынын жылы деп атоону сунуш кылды. Ал ошондой эле өз сөзүндө Арал деңизинин соолушу үчүн аймактын төмөнүндө жайгашкан өлкөлөрдү айыптады:

-Соңку жылдары агымдын төмөн жагындагы өлкөлөрдө 100дөн ашуун ири суу сактагычтар курулду. Алардын жалпы көлөмү Аралдын азыркы аймагынан бир жарым эсеге чоңураак.

Эмомали Рахмон ага катар Тажикстандын гидроэнергетикалык долбоорлорун, анын ичинде Вахш дарыясынын боюнда курулуп жаткан Рогун ГЭСинин курулушунун тууралыгын коргоду.

Конференциянын ишине 70тен ашуун өлкөнүн, 65 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. Тажикстандын гидроэнергетикалык долбоорлорун сынга алып келе жаткан Өзбекстан конференцияга экономика министринин орун басары баштаган чакан делегациясын жиберген. Конференцияга Улуттар уюму демөөрчүлүк кылган.

XS
SM
MD
LG