Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Жалал-Абатта дарыгерлер сел кесепетин жоюуга киришти


Медиктер ар кандай жугуштуу ооруларды болтурбоо максатында сел каптап урап калган үйлөрдү, аймактарды кыдырып дезинфекциялап жүрүшөт. Оорунун белгилери бар адамдарды таап дары-дармек таркатып жатышат. Жалал-Абатта нөшөрлөп жааган жаандан миңден ашуун үйдү суу каптап кетти. Сузак районунда 13 үй таптакыр кыйрап калды. Ал арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда 14-июнга чейин нөшөрлөп жааган жаандан тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал, деп эскертти. (EBM)

XS
SM
MD
LG