Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Р.Отунбаева: Отуздай компания улутташтырылды


Бул тууралуу өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева бүгүн Кара-Балтада Жайыл районунун активи менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыз кылган “Аалам сервис” компаниясы да жакында мамлекетке өткөрүлөт.

“Биз Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык бардык мүлктөрдү, алар тартып алган обьектилерди мамлекетке кайтарып, сатыкка коебуз. Андан түшкөн каражаттар милиция кызматкерлеринин, мугалимдердин жана дарыгерлердин эмгек маяналарын көбөйтүүгө жумшалат”,-деди Р.Отунбаева.

Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG